Биз менен байланышыңыз

Дауталиева: Депутат болгум келет. Тажрыйбам ошол деңгээлге жетти

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Янв 2019 | 751 | 0

Укук коргоочу Анара Дауталиева Жогорку Кеңешке депутат болууну самайт. Дауталиева ал үчүн жетиштүү тажрыйба топтогонун “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Дауталиева эгер эл өкүлү болуп калса кыргыз элине көп пайдасы тиерине ишенет.

Укук коргоочу буга кошумча Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов эки жолу кызматка чакырганын айтты.

«Шаардык бийлик мени кызматка чакырган. Бирок мен барбайм. Анткени учурдагы система боюнча иштегим келбейт. Эгер иштесем ичип-жеп, мыйзамсыз иштерге көз жумууга туура келет. Мен андай кыла албайм. Вице-мэр болуу үчүн дагы команда керек. Командам жок барсам алар мени иштетпейт. Ал эми жалгыз киши системаны өзгөртө албайт. Булар гранттардан ичип, жешет», — дейт Дауталиева.

Укук коргоочу буга кошумча, ар дайым ак иштей турганын айтып, эч ким пара сунуштабаганын белгиледи.

«Мен комиссияга барганда суу дагы ичпейм. Жарандардын укугун арыздарынын негизинде коргойм. Менин өзүмчө пикирим бар. Андыктан эч ким мага «ушуну айтып кой» деп айта албайт. Бир адам дагы «туура эмес иш кылдыңыз» деген жок. Анткени ар бир ишти мыйзамга жараша карайм. 5-10 миң долларга кичинекей грант жазып жашайбыз«, — дейт Дауталиева.

Copyright © 2017 Maral FM