Биз менен байланышыңыз

Кулаган учак Кыргызстандыкы эмес

Кыска кабар | 14 Янв 2019 | 749 | 0

Ирандын Сафадашт шаарына кулаган учак Кыргызстанга тиешелүү эмес. Ал Португалиянын Пайан шаарынан Бишкек аркылуу өткөн  «Иран эйр» аба жолдоруна таандык транзиттик учак болгон.

Мындай маалыматты «Манас» аэропортунун жетекчилиги билдирди.

Бирок орусиялык маалымат каражаттары учактын Бишкектен үзгултүксүз эт ташып жүргөнүн жазышууда.

Боинг 707 жүк ташуучу учагы Бишкектен эрте мененки саат 07:15 чамасында көтөрүлүп, Карадж шаарына жетпей калган. Ирандык булактардын билдиришинче учактын пилоту аны башкара албай калган. Ичинде 30 тонна эт менен он алты кишилик экипажы болгон. Алардан бир гана инженери тирүү калганы айтылууда.

Куткаруучулар менен тез жардам кырсык болгон жерге чыгып кетишкени маалымдалды.

Copyright © 2017 Maral FM