Биз менен байланышыңыз

Трамп Путин менен жашыруун сүйлөшөбү?

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Янв 2019 | 631 | 0

Американын президенти Дональд Трамп орус лидери Владимир Путин менен болгон жолугуушуларындагы сүйлөшүүлөрүн жашырууда. Мындай пикирин АКШ Конгрессинин эл аралык иштер боюнча комитети  жарыялап, бул боюнча атайын жыйын өткөрөрүн билдиришти.

Трамп президенттикке келгенден бери Путин менен беш ирет жолугушкан. Алардын эки жолкусу гана узакка созулуп, калгандары кыска болгон. Бирок узакка созулган эки жолкусунда өзүнүн котормочусунан башка эч кимди жанына алган эмес. Ак үйдөн эмне тууралуу сүйлөшүшөнүн сурашканда котормочу Трамп тыюу салганын айтып, маалымат берүүдөн баш тарткан.

Кийинки жолугушуусунда президенттердин жанында бир гана орус котормочусу болгон.

«Президент Трамп  ар жолу жолугушканда маалымат берилбейт. Америка чындыкты угуусу шарт. Биз бул сырдуу сүйлөшүүлөрдү ачыкка чыгарып, алардын биздин улуттук коопсуздугубузга кандай таасир тийгизип жатканын билүүбуз керек»,-деди комитеттин башчысы Элиот Энгел.

Бирок Трамп айыптарды четке кагып, эч нерсе жашырбасын, өзү тууралуу айтылган сөздөргө кулак салбасын билдирди.

Эске салсак, президенттик шайлоо учурунда Дональд Трамп Орусия менен мамилени жолго коёрун убадалаган. Учурда анын шайлоо штабынын орус тарап менен болгон күмөндүү байланыштары иликтенип, тергөө иштери жүрүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM