Биз менен байланышыңыз

Вашингтон Мадуронун бийлигин тааныбайт

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Янв 2019 | 517 | 0

Вашингтон бийлиги Венесуэланын президенти Николас Мадуронун бийлигин таануудан баш тартты. Бул туурасында АКШнын президентинин улттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Джон Болтон билдирди.

Ал өз сөзүндө: “Америка Венесуеланын диктатору Николас Мадуронун президенттигин тааныбайт»,- деп жазган.  Ошондой эле ал 2018-жылдын май айында Венесуелада өткөн шайлоону бүт дүйнө эркин өтпөгөнүн айтып жатканын, өлкөнүн жарандары эркин добуш берүүгө укутуу экендигин жана Вашингтон Латын Америка өлкөлөрүндө дипломатия аркылуу, демократияны түптөндүрө берерин кошумчалады.

Буга чейин, Николас Мадуронун президенттик кызматта жаңы мөөнөттөгү ишин баштаганы кабарланган. Анын кайра шайланганын АКШ, Парагвай, Аргентина, Бразилия, Канада жана Колумбия бийликтери тааныбай турганын билдирген.

Ал эми “RT” басылмасынын маалыматына ылайык, Орусиянын тышкы иштер министирлиги бул тууралуу Вашингтондун кадамын Венесуеланын эркиндигин бузуу жана альтернативдик бийлик орнотуу катары сыпаттаган.

Copyright © 2017 Maral FM