Биз менен байланышыңыз

Жасалма паспорт менен өлкөдөн чыгууга аракет кылгандар кармалды

Кыска кабар | 12 Янв 2019 | 531 | 0

Кечээ, 11-январда үч түрк жараны Кыргызстандан жасалма паспорт менен чыгууга аракет кылышкан. Алар «Акжол-унаа жолу» өткөрмө бекетинен Казакстандын аймагына өтүүгө аракет кылышкан. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы маалымдады.

Аталган жарандар паспорт көзөмөлүнөн өтүүдө Түркиянын атайын кызматтык паспортторун көрсөтүшкөн. Бирок чек ара кызматкерлери документтеги жасалма эн белгилерди байкап калышкан.

Абалга тыкыр иликтөө жүргөн соң, алардын Кыргызстанга мыйзамдуу паспорттору менен кирип, чыгып жатып  мыйзамдаштыруу максатында жасалма документтерин беришкен.

Мындан аркы иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн кармалгандар УКМКнын аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Copyright © 2017 Maral FM