Биз менен байланышыңыз

Ильзат Ахметов: Кыргызстанды ар дайым сагынам

Кыска кабар | 11 Янв 2019 | 1462 | 0

Президенттик Аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев Кыргызстанда төрөлгөн белгилүү футболчу Ильзат Ахметов менен жолугушту. Бул тууралуу призиденттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Анда Эсаналиев жаш оюнчунун “ЦСКА” клубундагы ийгиликтүү дебюту жана Орусиянын улуттук курамасына чакырылышы менен сыймыктанарын билдирди.

Ильзат Ахметов  бул жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, кайда болбосун ар дайым өз мекени болгон Кыргызстанды сагынарын жана өз өлкөсү менен сыймыктанарын баса белгиледи.

Маалымдай кетсек,Ильзат Ахметов алгач «Алга» командасында тарбияланып, андан соң орусиялык «Рубин» футбол командасында ойногон. 2018-жылдын июль айынан тартып москвалык «ЦСКА» менен келишим түзүп, Орусиянын футбол боюнча улуттук курамасына чакырылган.

Эске салсак, Ильзат Ахметов Россиянын улуттук «Биринчи бештик» сыйлыгынын лауреаты жана УЕФАнын рейтинги боюнча келечеги кең 50 оюнчулардын тобуна кирет.

Copyright © 2017 Maral FM