Биз менен байланышыңыз

«Reuters» агенттигинин журналисттери камакта калды

Эл аралык «Reuters» маалымат агенттигинин журналисттери 28 жаштагы Сое Оо жана 32 жаштагы Ва Лон Мянмада камакта калтырылышты. Бул тууралуу агенттик жазып чыкты.

2017-жылы буддисттик Мянма бийлиги  Аракан штатынындагы рохинжа мусулмандарына карата жасаган кыргынды чагылдырган эки журналистти камакка алган. Аларга «мамлекеттик сырды ачыкка чыгаруу» беренеси боюнча иш козголуп, жети жылга эркинен ажыратылышкан.

Бүгүн алардын тарапташтарынын аппеляциялык арызынын негизинде Мянманын Жогорку соту ишти кайрадан карап, мурдагы инстанциянын өкүмүн күчүндө калтырды. Жогорку соттун судьясы Онг Найн бул татыктуу жаза экенин белгиледи.

Reuters агенттигинин директору Стефан Адлер окуяны чагылдыруу кылмыш эмес экенин, бул окуя Мянма өлкөсүндөгү сөз эркиндиги жана демократиянын кысымда экенин билдирерин айтты.

Эске салсак, Мянма куралдуу күчтөрү Аракандагы рохинжа мусулмандарын кыргынга алып, айылдарын өрттөп, өздөрүн коңшу Бангладешке качууга аргасыз кылган. БУУнун маалыматы боюнча 730 миңден ашуун рохинжа учурда Бангладештеги качкындар лагеринде баш калкалоодо. Муну БУУ баш болгон эл аралык коомчулук геноцид деп баалады.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM