Connect with us

Мянма соту камактагы журналисттердин ишин карады

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Дек 2018 | 880 | 0

Мянма соту Reuters агенттигинин камактагы эки журналистинин ишин кайра карады. Бул тууралуу агенттик жазып чыкты.

Анда журналисттердин жактоочусунун аппеляциялык кароо арызынын негизинде соттук отурум болуп, жактоочунун аргументтери угулду.

Журналисттердин жактоочулары алардын негизсиз камалганын, күнөөлөрүн далилдей турган бир да факты келтирилбегенин айтып, бул иш сөз эркиндигине каршы кылмыш экенин баса белгилешти. Ошондой эле жактоочулар журналисттердин эркиндигин талап кылышты.

Сот чечими жакынкы күндөрү угузуларын билдирип, азырынча эч кандай жооп бербеди.

Эске салсак, Мянма бийлиги өлкөдөгү этникалык азчылыкты түзгөн рохинжа мусулмандарына карата геноцидге жол берип, алардын айылдарын өрттөп, жок кылып, өздөрүн коңшу мамлекеттерге качууга аргасыз кылышкан. Бул кырдаалды чагылдырган Reuters агенттигинин эки журналисти 32 жаштагы Ва Лон жана 28 жаштагы Кьё Со Уну мамлекеттик сырды ачыкка чыгаруу кинеси менен сентябрь айында жети жылга эркинен ажыраткан.

Copyright © 2017 Maral FM