Биз менен байланышыңыз

Мьянмада камалган Reutersтин эки журналисти боюнча президентке кат жолдонду

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Ноя 2018 | 745 | 0

Мьянмалык журналисттер жана адвокаттар тобу өлкө президенти Вин Минтке Reutersтин журналисттерин бошотууну суранган кат жолдошту. Алар Мьянманын күч түзүмдөрү тарабынан кармалып, сентябрь айында жети жылга эркинен ажыратылган 32 жаштагы Ва Лон жана 28 жаштагы Кяу Су Онун камалышына көңүл буруусун суранышкан. Кат жолдогондордун пикиринде аталган журналисттерге кылмыш иши мыйзамсыз козголгон. Себеби журналисттер өздөрүнүн кесиптик милдетин аткарып, өлкөдөгү саясий куугунтукту чагылдырышкан. Бул ишке премьер-министр Аун Сан Су аралашып, жеке анын көрсөтмөсү боюнча камалышкан.

Ал арада өлкөдөгү башкы бийлик ээси Аун Сан Су өзүнө карата эл аралык коомчулуктун айыптоосун четке кагып, аталган кылмыш иши сөз эркиндиги менен байланышы жок экенин жана журналисттер мамлекеттик сырды ачыкка чыгарышканын айткан.

Эске салсак, Reuters эл аралык маалымат агенттигинин эки кабарчысы Ва Лон менен Кяу Су О Мьянмадагы рохинжа мусулмандарына карата жасалган зордук-зомбулук жана геноцидди чагылдырууда кармалышкан. Аларга Мьянма бийлиги мамлекеттик сырды ачыкка чыгаруу беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында жети жылга эркинен ажыраткан.

Copyright © 2017 Maral FM