Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө карышкыр күч алды

Коом | 10 Янв 2019 | 891 | 0

Ысык-Көлдө быйылкы кышкы сезондо жапайы жырткыч жаныбарлар күч алып, тоолуу аймактарда материалдык жоготуулар катталды. Азыркы күнгө карата такталган маалыматтар боюнча 53 ири мүйүздүү мал, 41 топоз, 30 баш жылкы жана 135 ача туяктуу жандыктары карышкырдын курмандыгы болду.

Быйылкы кышта Ысык-Көл облусунда жырткычтар өзгөчө күч алып, тоо этектериндеги мал-жандыктарын жара тартууда. Бүгүнкү күнгө карата бир эле Ак-Суу районунунун жашоочуларына бир миллион сомдон ашык материалдык чыгым алып келгени аныкталды. Эми бөрүлөрдү убагында жок кылбаса, жаз айлары менен тоо жаныбарларына кол салышы күтүлөрүн Ак-Суу райондук мергенчилер коомунун төрагасы Максат Мукаш уулу айтты.

Мисалы, биздин райондон бир айылды алып караганда 15 баш чоӊ малды карышкыр жеп кетти. Эми эӊ жаманы бизге кар калыӊ жаады, жазга жуук тоодогу эликтерди, бугуларды жеп башташат. Ал эми ылдыйкы этектеги токойлордо азыр чөө да күч алып, кыргоолдорду кырып жатат. Ал эми элдин чыгымын эсептегенде, 1 тайдын ылдыйкы баасы 20 миӊ сом болсо жалпы район бир миллион сомдон ашык чыгымга учурады.

Мындан улам, райондордо мергенчилердин 5 бригадасы жана аӊчылыкты сүйүүчүлөрдөн 9 топ иш алып барууда. Ок дарыларга, күйүүчү майларга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жаратылышты коргоо департаменти жаӊы гана акча каражат бөлгөн. Азыркы тапта акылдуу жырткычтар үчүн заманбап техникалар алынып, алдыда жаӊы ыкмалар колдонуларын Тоӊ районунун мергенчиси Адилет Жумаканов белгиледи.

-Акча каржаттар эми эле бөлүндү. Ошону менен азыр иш баштап, түнкүсүн мергенчиликке чыгууга даярданып жатабыз. Ал үчүн караӊгыда көрө турган жабдууларга буйрутма бердик. Жаӊы ыкманы колдонбосок, карышкырлар абдан акылдуу болуп карматпай келүүдө. Негизинен бир айылдан бир-эки мергенчи чыгып карышкыр атууга мүмкүн эмес экен. Эми алдыда уюшуп иш алып барабыз.

Аны менен утурлай зыяндуу жаныбарларды жок кылуу үчүн мергенчилерге кызыктыруучу сыйлыктар күчөдү. Ѳткөн жылдын баштап, быйылкы 1-январга карата жалпы 114 карышкыр, 2 бөлтүрүк, 62 чөө атылган. Анын жыйынтыгы менен жалпы 585 миӊ 500 сом тапшырылды. Эӊ негизгиси, көзгө атарлар жырткыч жаныбарлардын терисин 1 айдын ичинде алып келүүсү шарт экенин Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш айланалары департаментинин Ысык-Көлдөгү өкүлү Төлөгөн Үсөнбаев билдирди.

Зыяндуу жырткычтарды жок кылуу боюнча өкмөттүн №801 токтому бар. Анын негизинде райондордо түзүлгөн комиссия иш алып барат. Карамагында Мамэкотехинспекциясы, ветеринар кызматкерлери жана райондордогу мергенчилер камтылган. Комиссия тарабынан терилер кабыл алынып, атайын белги басылат. Андан соӊ жырткычтардын териси ээсине кайтарылып берилип, сыйлык тапшырылат. Эӊ негизгиси сүрөт, видео материалдар жана айыл өкмөттүн маалымдамасы болуусу тийиш. Сыйлык тапшыруу боюнча колдон келишинче аракет кылабыз.

Маалымдай кетсек, мал жандыктарына зыян алып келип жаткан бир баш карышкырга 6 миӊ сом, чөөгө 2 миӊ сомдук сыйлык тапшырылат.

Copyright © 2017 Maral FM