Биз менен байланышыңыз

Болот Отунбаев АКШдагы элчиликке көрсөтүлүүдө

Кыска кабар | 10 Янв 2019 | 1448 | 0

Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын АКШдагы элчилигине Болот Отунбаевдин талапкерлигин сунуштоодо. Бул тууралуу «Маралга» жеке булактардан билдиришти.

Ал эми Отунбаевдин Орусиядагы элчилик ордуна  Аликбек Жекшенкуловду көрсөтүп жатышат.

Болот Отунбаев  2016-жылдан бери өлкөнүн Орусиядагы ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеп келе жатат.

Ал эми Аликбек Жекшенкулов 2005-2007-жылдары Кргызстандын Тышкы иштер министри болуп кызмат өтөгөн.

Кошумчалай кетсек, учурдагы Америкадагы элчи Кадыр Токтогуловдун кызмат мөөнөтү быйыл аяктайт. Аталган кишилердин талапкерлигин профилдик комитет жакында карайт.

Copyright © 2017 Maral FM