Биз менен байланышыңыз

Австралия: шектүү баштыктардын ээси кармалды

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Янв 2019 | 621 | 0

Австралиянын Сидней, Канберра жана Мелбурн шаарларындагы бир нече өлкөнүн элчиликтерине жиберилген шектүү баштыктардын ээси кармалды.  49 жаштагы Савас Алан  Виктория районундагы үйүнөн кармалган. Ал жалпысынан 38 баштык жиберип, алардын 29у текшерилди.

Савас Алан буга чейин соттолгон эмес. Анын кезектеги соту март айында өтмөй болду. Эгер күнөөсү далилденсе 10 эылга эркинен ажыратылары күтүлүүдө.

Эске салсак, элчиликтерге келип түшкөн баштыктардын сыртында «Абайла! Кол кап жан беткап менен ачкыла! Коркунучтуу зат бар!» деген жазуу болгон. Кээ бирлеринде «Асбест бар» деген жазуу жазылган. Полициянын билдиришинче андан жабыркагандар жок. Ичиндеги заттар учурда текшерилип жатат.

Copyright © 2017 Maral FM