Биз менен байланышыңыз

Трамп дубалы: президент демократтар менен сүйлөшүүдөн чыгып кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Янв 2019 | 583 | 0

АКШ менен Мексиканын ортосуна бетон дубал куруу боюнча эки тараптуу сүйлөшүү учурунда президент Дональд Трамп кол шилтеп чыгып кетти. Бул тууралуу ал өзүнүн Твиттер баракчасынан билдирди. Муну оппозиция лидери Чак Шумер да тастыктады.

8-январдагы телекайрылуусунда демократтарды сүйлөшүүгө чакырган Трамп алар менен Ак үйдө жолугушту.

«Эгер токтоп турган министрликтерди ачсам 30 күндөн кийин эмне болот? Дубалдын бюджетин бекитип бересиңерби?,-деп сурасам Ненси Пелоси «Жок» деген жообун берди. Мен дагы «жакшы калгыла» деп чыгып кеттим. Булар менен сүйлөшүүдөн пайда жок»,-деп жазды Трамп.

Конгресстин спикери Ненси Пелоси жана демократтардын лидери Чак Шумер Трамп өз максатына жете албаган үчүн адаттагыдай ачууланганын белгилешти.

Эске салсак, Трамп шайлоо учурунда Американын түштүк чек арасынан өлкөгө кирген мыйзамсыз миграция жана баңгизат агымын ооздуктоо максатында 1400 кмге жакын бөлүгүнө бетон же темир дубал тосууну убадалаган. Бирок мындай ишти маанисиз тапкан парламент дубал үчүн суралган 5,7 млрд долларды бөлүп бербесин айтууда. Мунун айынан 2019-жылдын бюджети бекитилбей, бир катар министрликтердин иши токтоп, эшиктери 20 күндөн бери жабык турат.

Copyright © 2017 Maral FM