Биз менен байланышыңыз

Жалган «афганчылар» аныкталды

Кыска кабар | 10 Янв 2019 | 645 | 0

Афган согушунун ардагерлерине  жүздөгөн жалган «афганчы» кошулуп, сегиз жылдан бери 129 миллион  156 миң сом пенсияны мыйзамсыз алып жүрүшкөн.

Бул тууралуу Мекемелер аралык комиссиянын мамлекеттик жеңилдиктерден пайдаланган тараптарды текшерүү ишинин жыйынтыгында маалым болду.

Мындай маалыматты генерал-полковник Абдыгул Чотбаев да тастыктаган.

Анын айтымында 2017-жылы  жалган афганчылардын саны 159 болсо, 2018-жылы 229га жеткен. Башкача айтканда бир жылда 70 кишиге көбөйгөн.

Комиссия ардагерлердин аскердик билеттери менен архивдерди текшергенде Башкы штабдын, УКМКнын, Чек ара кызматынын, ИИМ, ӨКМ, ЖАМК жана Салык кызматынын учурдагы жана мурунку офицерлери жалган афганчы болуп чыгышкан. Жалпысынан 136 кишинин маалыматы архивде жок болуп, алар эч кандай согуштук иш чараларга катышпаганы аныкталган.

Эске салсак, 2016-жылы декабрда Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен түзүлгөн комиссия Кыргызстандагы жасалма «афганчыларды» аныктап чыкты. Алардын арасында кошумча алты миң сомдук пенсияны алгандар офицерлер гана эмес, запастагы белгилүү генералдар да экени маалым болгон.

 

Copyright © 2017 Maral FM