Биз менен байланышыңыз

ИДП 2019-жылы 3,4 пайызга өсөт

Кыска кабар | 10 Янв 2019 | 604 | 0

Дүйнөлүк банктын прогнозу боюнча 2019-жылдын соңуна карата Кыргызстандын Ички дүң продукциясынын өсүүсү 3,4 пайызды түзөт. Бул тууралуу банктын доклады Global Economic Prospects журналынын январдагы санына жарыяланды.

Ал эми ИДП көрсөткүчү 2020-жылга 3,9% болсо, 2021-жылга 4,1% өсөөрү айтылат.

Ал арада Евразия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын 2019-жылдагы ИДП өсүүсүн 3,9% деп белгилесе, кыргыз өкмөтү 4% деп болжолдоодо.

Бул көрсөткүч жалпы Борбор Азия боюнча орточо 4,2 пайызды түзүүдө. Эң жогорку көрсөткүч 6% менен Тажикстанга таандык. Андан кийин эле Түркмөнстан 5,6%, ал эми Өзбекстан 5,1% өсүү менен үчүнчү орунда.

Кошумчалай кетсек, Евразия экономикалык биримдигиндеги өнөктөштөрүбүздүн ичинен эң жогорку өсүү Арменияга тиешелүү. Бул өлкөнүн ИДПсы 2019-жылга 4,2пайызга чыгары күтүлүүдө. Ал эми эң төмөнкү көрсөткүч Орусияга таандык болуп, ал 1,5 пайызга өсөрү айтылууда.

 

Copyright © 2017 Maral FM