Биз менен байланышыңыз

Президент: Мугалимдердин айлыгы көтөрүлөт

Кыска кабар | 9 Янв 2019 | 982 | 0

Мугалимдердин айлыгы көтөрүлөт. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-январда Сокулук районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда билдирди.

“Мугалимдерге, врачтарга айлыктарды көтөрөм деген убадам ырааты менен аткарылат. Врачтардын айлыктары көбөйтүлдү, эми кийинки кезек мугалимдерде”- деди Жээнбеков.

Ал белгилегендей, айлыктарды көтөрүү үчүн экономиканы жакшыртып, мамлекеттик бюджетке кол салгандарды тыйып, кирешени көбөйтүү керек.

Белгилей кетсек, 2018-жылдын 1-октябрынан тарта медиктердин айлыгы көтөрүлдү. Азыркы этапта үй-бүлөлүк дарыгерлер жана эмчи айымдар, жалпы практикадагы дарыгерлер жана фельдшер-акушердик пункттардын орто медициналык персоналдарынын айлык акысы көбөйдү. Кийинки этапта стационардык медициналык тейлөө кызматкерлердин айлык акысы көтөрүлөрү кабарланган.

Copyright © 2017 Maral FM