Биз менен байланышыңыз

«ОСАГО полиси айдоочунун унаасын калыбына келтирүүнү шарттабайт»

Пикирлер | 9 Янв 2019 | 785 | 0

ОСАГО полисин алган айдоочу жол кырсыгына кабылса, үчүнчү тарапка келтирилген зыян камсыздандыруу компаниясы аркылуу төлөнүп берилет. Бул тууралуу «Аю Гарант» камсыздандыруу компаниясынын директорунун орун басары Нурбек Мамыров “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, компания жол кырсыгынан жабыркап, майыптык алган жарандарга жана жаш балдарга 100 миң сомдон 200 миң сомго чейин төлөп берет. Ал эми жабырлануучу жеңил жарат алып, ага медициналык жардам көрсөтүлсө, анын 100 миң сомго чейинки кетирген чыгымы камсыздандыруу уюму тарабынан кайтарылат.

«Жол кырсыгынан каза болгон ар бир адамга 300 миң сомго чейин төлөнүп берилет. Эгер адам кырсыктан жабыркап, I топтогу майып болуп калса 200 миң сом, II топко 150 миң сом, ал эми III топко 100 миң сом төлөнөт.  Эгер мүлккө зыян келтирилсе, 150 миң сомго чейин каражат берилет. Мисалы, айдоочу мамыны сүзүп алса, анда камсыздандыруу компаниясы мамыны калыбына келтирип берет. Бул жерде айдоочунун жоопкерчилиги каралат. Андыктан унаа кайра калыбына келтирилип берилбейт. Тагыраагы, камсыздандыруу компаниялары кырсыкка кабылган айдоочу окуяга күнөөлүү экени далилденсе, түзүлгөн протоколдун негизинде каражат бөлөт», — дейт Мамыров.

Маалыматка ылайык,айдоочу эреже бузуп көп кырсыкка кабылса камсыздандыруу компаниясына көбүрөөк каражат төлөйт. Ал эми жол эрежелерин сактап, кырсыктан оолак болгон айдоочуларга жеңилдиктер каралган.

Өкмөттүн токтому менен бекитилген тарифтерди камсыздандыруу компаниялары өзгөртө албайт. Андыктан бардык компанияларда полиске коюлган баалар бирдейт болот. Бирок анын баасы айдоочунун тажрыйбасына жана унаанын кыймылдаткычына жараша эсептелет.

Мындан сырткары, жарандар ыктыярдуу түрдө КАСКО полиси аркылуу унаасын дагы камсыздандыра алышат. Анда кандай кырсык болсо да камсыздандыруу компаниялары унааны калыбына келтирип берет.

Copyright © 2017 Maral FM