Биз менен байланышыңыз

Байбосунов: Камсыздандыруу компаниялары толук көзөмөлгө алынат

Пикирлер | 9 Янв 2019 | 618 | 0

Камсыздандыруу компанияларын Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы көзөмөлдөйт. Бул тууралуу аталган мекеменин аткаруу кеңешинин мүчөсү Нурлан Байбосунов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, эгер камсыздандыруу компаниялары туура эмес төлөмдөрдү төлөсө, анда жабырлануучу камсыздандыруу арбитрине кайрылса болот. Ал мекеме камсыздандыруу компаниясына баш ийбейт.

«Камсыздандыруу арбитри арыз келип түшкөн соң 10 күндүн ичинде чечим кабыл алат. Чечимди камсыздандыруу компаниялары аткарууга милдеттүү болот. Эгер жабырлануучу ага да макул болбосо анда күнөлүү айдоочуну сотко берип тийиштүү каражатта алса болот», — дейт Байбосунов.

Анын белгилегенине караганда, камсыздандыруу компаниялары ОСАГО полиси менен көп каражат таппайт. Алар өздөрүнүн аброюна иштешет.

Copyright © 2017 Maral FM