Биз менен байланышыңыз

Байбосунов: ОСАГО полиси айдоочунун унаасын же өмүрүн камсыздабайт

Кыска кабар , Пикирлер | 9 Янв 2019 | 685 | 0

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын аткаруу кеңешинин мүчөсү Нурлан Байбосунов “Марал” радиосуна берген маегинде ОСАГО полисин алуу менен айдоочу унаасын же өмүрүн эмес, өзүнүн жоопкерчилигин камсыздандырарын айтты. Тагыраагы айдоочу жеңил унаа үчүн 2 миң сом төлөп, өзүнүн жоопкерчилигин камсыздандыруу компанияларына өткөрүп берет.

Мындан тышкары, эгер жол кырсыгына айдоочу күнөөлүү болсо камсыздандыруу компаниялары жабыр тарткандардын чыгымдарын төлөп берет.

«ОСАГО полисинин айдоочуга пайдасы чоң. Кырсыкка кабылган айдоочу каражат издеп отурбайт, камсыздандыруу компанияларына маалымат берип коёт. Компаниянын авариялык комиссиясиясы келип протокол, схема түзүү жана каражат жагынан жардам берет. Кырсыктан жабырлануучу айдоочудан каражат алуу үчүн сотко кайрылса ОСАГО полисинин кириши менен иш сотко жетпейт. Жабырлануучу 1 айдын ичинде акчасын алат«, — дейт Байбосунов.

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы менен тийиштүү мекемелер атайын долбооор даярдаган. Ал өкмөттүн токтому менен бекитилсе анда жол эрежелерине өзгөртүүлөр киргизилет. Башкача айтканда, жол коопсуздугун камсыздаган милициялар жарандан айдоочулук күбөлүк, унаанын техникалык паспортун жана камсыздандыруу полисин талап кылат.

Copyright © 2017 Maral FM