Биз менен байланышыңыз

2019-жылда орус экономикасын тооруган коркунучтар

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Янв 2019 | 520 | 0

2019-жылы орус экономикасы негизинен тышкы факторлордун таасириндеги көйгөйлөргө дуушар болот: жаңы санкциялар, күйүүчү майдын баасы жана инвесторлордун кетенчиктөөсү. Ошону менен бирге ички таасирлер да бар: өкмөттүн реформалары. Мындай тыянакты орусиялык эксперттер чыгарышты.

Алардын байкоосунда Батыштын Орусияга каршы санкцияларды катаалдатып, жаңы түрлөрүн киргизүүсү күтулүүдө. АКШ конгресси Москванын мамлекеттик карызы менен мамлекеттик банктарына карата жаңы санкцияларды киргизүүнү жазда карай турганы маалым болгон. Эгер бул ишке ашып, кээ бир европалык өлкөлөр да кошумча санкция киргизе турган болсо инвесторлордун өлкөдөн качып, кетенчиктөөсүнө алып келет. Тескерисинче, жаңы санкциялар кирбесе бул орус экономикасындагы, өзгөчө соода-сатыктагы илгерилөөгө чоң турткү болот.

Экинчиден, ОПЕК+ мунай өндүрүүчү өлкөлөр жаңы жылдын баштапкы эки кварталында мунайдын баасын туруктуу кармоо менен  үчүнчү кварталга барып түшүрүүнү пландоодо. Ошондой эле бул жылы Американын мунай ташуучу түтүктөрү ишке кирери белгилүү. Бул факторлор күйүүчү майдын баасын андан бетер тушүрүп, орус  экономикасына инфляциялык туруксуздук аркылуу таасирин тийгизет.

Мындан сырткары өкмөттүн мындай тобокелчиликтерге карата анык программасынын айтылбай жатканы да кооптонууларды жаратып жатканы бышык. «Май жарлыктары», пенсиялык реформалар кандай жыйынтыктарды берери да күмөн бойдон калганын айтышууда серепчилер.

Эске салсак, Батыш мамлекеттеринин 2014-жылдан бери улам жаңыланып күчөгөн санкцияларына Кремль кенебегендей түр көрсөткөнү менен бир топ зыяндарга учурады. 2018-жылы эле өлкөдөн сыртка чыгарылып кеткен каражаттын суммасы он миллиарддаган долларга барабар болду.

Copyright © 2017 Maral FM