Биз менен байланышыңыз

Азия Кубогу: биринчи турдун жыйынтыгы

Кыска кабар | 8 Янв 2019 | 567 | 0

Бириккен араб эмираттарында өтүп жаткан Азия Кубогунда С тайпасында ойногон Кыргызстан биринчи турда Кытайдын курама командасына утулуп, 0 упай менен жыйынтыктады.

Ушул эле айлампада беттешкен С тайпасынын курамындагы Түштүк Корея менен Филиппин мамлекеттеринин курамалары биринчи турда тең чыгып, экинчи тур 1:0 эсебинде Түштүк Кореянын жеңиши менен аяктады.

Ошентип, биринчи турдун жыйынтыгында Кытай менен Түштүк Корея курамалары үчтөн упай, Кыргызстан менен Филиппин нөл упай менен чыгышты.

Ал эми биринчи турдан кийин А тайпасында Индия алдыда келе жатса, В тайпасында 3 упай менен Иордания чыкты. D, E, F  тайпаларынын беттештери бүгүн жана эртең болот.

Эске салсак, Азия Кубогу 5-январда БАЭнын төрт шаарында өтүүдө. Ага Азия континентинин эң мыкты 24 курамасы ат салышууда. Кыргызстан биринчиликке катышуу укугун биринчи ирет алып отурат.

Copyright © 2017 Maral FM