Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан туристтер үчүн сунушталган 5 өлкөнүн катарында

Кыска кабар | 8 Янв 2019 | 725 | 0

Британиялык UNILAD медиа компаниясынын версиясы боюнча Кыргызстан 2019-жылы туристтерге сунушталган 5 өлкөнүн катарына кирди.

Алар 2019-жылы сөзсүз барып, көрүүгө чакырган өлкөлөрдүн ичинде Кыргызстандан башка Перу, Сингапур, Япония жана Шри-Ланка бар.

Таанытуу ролигинде медиа журнал өлкөбүздүн кооз жаратылышын, бийик тоолорун жана элдин кызыктуу табигый жашоосун чагылдырган. Ошондой эле өлкөнүн аймактарын  жаз, жай мезгилдеринде кыдыруу жакшы экенин да эскерткен авторлор Кыргызстандын визасыз режимин баса белгилешкен.

Мындан сырткары, коопсуздук  жана конокторго ачык эшиги менен Орто Азиянын дарбазасына айланып баратканын да кошумчалашкан.

Copyright © 2017 Maral FM