Биз менен байланышыңыз

Крестинин: Бул башталышы гана, күрөш али алдыда

Кыска кабар | 8 Янв 2019 | 531 | 0

«Гол киргизүүгө ыңгайлуу болгон абалдарды пайдалана албадык. Коргонууда да ката кетти». Мындай пикирин Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин кечээги Кытай менен болгон беттеш тууралуу айтып жатып билдирди.

Анын айтымында беттеш эки тарапка тең оор болду. Кетирген каталары үчүн дарбазачы Павел Матяж абдан оор абалда экенин билдирген машыктыруучу бардык адам, улуу футболчулар да ката кетирерин кошумчалады.

«Бул башталышы гана. Күрөштүн негизгиси алдыда»,-деди ал.

Кытай курамасынын насаатчысы Марчелло Липи да оюн оор болгонун, атаандашынын катасы аларга ийгилик алып келгенин белгиледи.

Эске салсак, Азия Кубогу 5-январда БАЭда башталды. Ага Азиянын алдыңкы 24 курамасы ат салышууда. Кыргыз ак шумкарчылары биринчи ирет катышуу укугуна ээ болушкан.

Copyright © 2017 Maral FM