Биз менен байланышыңыз

Саркулов: Бакка жашынган инспекторлорго чара көрүлөт

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Янв 2019 | 2179 | 1

Жол эрежесин бузган айдоочуларга салынчу айып пулду көбөйтүү менен жол коопсуздугунун кызматкерлеринин маянасын көтөрүү маселеси каралган эмес. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Ыманалы Саркулов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, түшкөн айып пулдун баары бюджетке кетет. «Бузуулар жөнүндө кодексте» жол коопсуздугунун кызматкерлеринин жоопкерчилиги каралган эмес.

«Мыйзам бузган кызматкерлерди жумуштан алуу сыяктуу катуу эреже каралган. Аларды жөнгө салууда жарандык көзөмөл сөзсүз керек. Жарандар пара сураган милицияны так далил менен көрсөтүшсө, аларды дароо жумуштан кетиребиз. Эгер милиция негизсиз токтотсо, анда айдоочу бизге 0312 63 09 01 номурун аркылуу кайрылса же протокол толтурууда оюн жазса болот. Азыр жарандардын кайрылуусуна өтө ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Социалдык тармакта чыккан маалыматтарды сөзсүз түрдө көңүл бурабыз», — дейт Саркулов.

Анын билдиргенине караганда, бакка же унаасына жашынып алып иш алып барган милицияларга чара көрүлөт. 2018-жылдын жыйынтыгы менен 500дөй кызматкер тартиптик жаза алган.

1 пикир

1 пикир

  1. жаныбек

    08.01.2019 14:08

    Бул мыйзам канчалык жалпы жарандарга жеткирилди? чогулган каражат ачыкпы жана эмнеге иштетилет себеби 800 мин проткол орточо эле алсак 800 млн сом чогулдуп жатат 1 мин сомодон эле алганда. Азыр эле 260 минден ашык чогулду деген кабар болууда

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM