Биз менен байланышыңыз

Саркулов: Жол кырсыктарынын саны өсүүдө

Кыска кабар , Пикирлер | 19 Сен 2019 | 477 | 0

Кыргызстанда акыркы 8 айда жок кырсыктарынын саны 14 %га, андан каза тапкандардын саны 8 %га, ал эми жаракат алгандардын саны 14 %га жогорулады. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынын жетекчи орун басары Ыманалы Саркулов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өлкө аймагында жол кырсыктарынын саны өсүп, кесепеттери жогорулап жатат. Бирок «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында камералар орнотулган жерлерде жол эрежесин бузуулар бир топко азайган. Алсак, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу Бишкек шаарында 40 %га, Чүй облусунда 50 %га төмөндөгөн.

«Коопсуз шаар» долбоору тиешелүү деңгээлде максатына жетүүдө. Жол кырсыгына байланыштуу бардык учурлар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталып жатат, жаап-жашыруу жок. Жол кырсыктарынын өсүп жатканынын себеби ушуга да байланыштуу. Жаңы мыйзамдарга шайкеш келтирүү багытында жол кырсыктарын каттоо эрежесине да өзгөртүүлөрдү киргиздик», — дейт Саркулов.

Copyright © 2017 Maral FM