Биз менен байланышыңыз

Ким Чен Ын Пекинге келди

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Янв 2019 | 917 | 0

Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ын жубайы экөө Кытай президенти Си Цзиньпиндин чакыруусу менен Пекинге келди. Бул тууралуу кытайлык басылмалар жазышууда.

Буга чейин Ким Чен Ын үч ирет Кытайга келгенине карабай, эки президент биринчи жолу жолугуп жатышат.

Түндүк Кореянын лидери бул сапары менен өзүнүн стратегиялык-дипломатиялык  дараметин да көрсөтүүдө. Ал буга чейин Түштүк Корея менен да жакшы ымалага келип, мамилени жакшы жакка бурган. Алар үчүн Кытай абдан маанилүү өнөктөш жана колдоочу болуп саналат. Эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык байланыш абдан тыгыз.

Серепчилердин пикиринде бул иш сапар Түндүк Корея менен Американын башчыларынын сүйлөшүүсүнө даярдык болууда. Дональд Трамп менен Ким Чен Ын өткөн жылдын июль айында жолугуп, Түндүк Кореянын өзөктүк куралдануу программасынан баш тартуу маселесин сүйлөшүшкөн. Кийин ноябрь айына пландалган жолугушуу болбой калган.

Эске салсак, Түндүк Корея коммунисттик, сырткы дүйнө менен интеграцияланбаган өлкө болуп саналат. Мамлекеттеги коомдук- саясий, аскердик жана экономикалык иштер абдан жашыруун тутулат. Жадагалса президент Ким Чен Ын быйыл 35 жашка толду делгени менен анын так туулган датасы да белгисиз.

Copyright © 2017 Maral FM