2018-жыл президент Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен «Аймактарды өнүктүрүү жылы» деп жарыяланган. Ага ылайык аймактык-административдик реформа жүргүзүү убадаланган. Бул боюнча түзүлгөн атайын жумушчу топ жылдын аягына чейин реформанын жол картасын парламентке сунуштоосу шарт болчу. Бирок алар алып келүүгө үлгүрүшкөн жок. Реформанын кечигүүсүнүн себеби эмнеде? Бул маселенин чоо-жайын «Күн чекит» программасынын алкагында Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностук мамилелер боюнча мамлекеттик комитетинин мурунку башчысы Бакыт Рыспаев менен талкууладык.
Марал: Аймактык-административдик реформанын жол картасы алигүнчө парламентке сунуштала элек. Бул иш чынында эле узун мөөнөттү талап кылабы?
Бакыт Рыспаев: Чынында эле бул оор иш. Бирок бул кечээ эле баштала калган иш эмес, тээ Акаевдин убагынан бери көтөрүлүп келе жаткан маселе болуп саналат. Бул себептен алганда Кыргызстанды аймактык-административдик жактан реформалоонун каркасы белгилениши керек болчу. «Аймактарды өнүктүрүү жылы» деп алып, дал ушул жылда бул иш аткарылбай, жада калса планы, модели бекитилбей калганы өкүнүчтүү. Документти толук бойдон даярдап, сунуштабаса дагы, негизги багыттары аталышы керек болчу.
Марал: Реформа этап-этап менен ишке ашат эмеспи? Эң башта кайсы аспектиге көңүл буруу керек?
Бакыт Рыспаев: Ооба, этап-этап менен ишке ашат. Биринчи кезекте жеңилинен баштоо керек деп биз сунуштаганбыз. Тактап айтканда, өлкөдөгү 450 айыл аймактын ичинен саны миңге жетпеген, 200-300 кишилик «карлик» аймактарды өзүнө жакын чоң айыл өкмөттөргө кошуу керек. Экинчиден, Бишкек, Ош сыяктуу шаарлардын тегерегинде шаарга баш ийбеген айылдар бар. Алар шаардын өңүгүүсүнө көмөк көрсөтпөй, жолтоо болуп, ошол эле учурда өздөрү да өнүкпөй калышууда. Мына ошол аппендицит аймактарды шаарга кошуу керек. Бул алгачкы кадамда аткарыла турчу иштер.
Мындан сырткары, саны эки облустун калкынын санынан көп болгон райондор бар. Ошол эле учурда саны бир айыл өкмөтчөлүк кичине райондор да бар, буларды көздөн өткөрүү абзел.
Марал: Реформаны ишке ашырууда кандайдыр бир түшүнбөөчүлүк же тоскоолдуктар барбы?
Бакыт Рыспаев: Менин оюмча өкмөттөгү көпчүлүк бул реформаны вертикалдык бийлик түзүү деп түшүнүп жатышат. Б.а.облустан айыл өкмөткө чейин түз бийлик жүргүзүүнү пландоодо. Бул мыйзамга каршы келет. Мамлекеттик башкаруу башка, жергиликтүү башкаруу да өзүнчө система.