Биз менен байланышыңыз

Рыспаев: Аймактагы админстрацияны кулпулап койсоң да эч ким сезбейт

Күн чекит | 28 Фев 2019 | 987 | 0

Кыргызстанда 453 айыл аймак бар. Анын 80 пайызы мамлекеттин дотациясында турат. Бир нече жылдан бери аймактык-территориялык реформа жүргөнү менен облус, акимиаттар жоюла элек, айыл өкмөттөргө бийлик тийбей, өз алдынча башкаруу органына айланбай келет. Бишкекте эки күндөн бери «Аймактарды өнүктүү боюнча улуттук диалог» аттуу конференция болуп өттү. Кечээ аймактарды өнүктүрүү боюнча өз сунуштарын президент билдирип өтсө, бүгүн премьер-министр Мухаметкалый Абылгазиев өз программасы менен тааныштырды. 2 күндүк форумда эл күткөн көйгөйлөр айтылдыбы? “Марал” радиосу жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы жетекчиси Бакыт Рыспаевге суроо салды.

-Бакыт мырза, форумда көтөргөн маселелер канчалык актуалдуу деп ойлойсуз?

-Президент айыл өкмөт башчыларын жылда чогултуп, үнүн укса жакшы болот эле. Мындай жолугушуу керектигин биз 6 жыл мурда айтып келгенбиз.

-Жергиликтүү бийликти борбордук бийликтен көз карандысыздыгын азайтуу максатында бир нече жылдан бери реформа жүрүп келет. Эмне себептен иш жылбай жатат?

-Президент өз сөзүндө реформаны шашпай жүргүзөбүз деп жатат. Бирок жергиликтүү бийликте реформаны тез жүргүзмөйүнчө майнап чыкпайт. Эмне себептен жайлап жатканы мага да белгисиз, аны жогору жактан сураш керек. Экинчиден, президент жергиликтүү бийлик башкаруу боюнча кодекс болуш керектигин айтты. Биз муну колдойбуз. Мындан тышкары акимдердин ролун жогорулатабыз деген демилгесин белгилегим келет. Анткени азыр акимиаттарда абал жакшы эмес. Конституциянын, мыйзамдын алкагында акимдердин иштөөсүнө шарт түзүп бериш керек.

-Бирок жергиликтүү бийликти реформалоодо, тескерисинче акимиат кайталоо функциясын аткарып жатат, анын кереги жок экени көп айтылбады беле. Азыр кайрадан акимдерди колдош керектигин белгиленип жатат?

-Бул тарапта ар кандай пикирлер бар. Кээ бири райондор кыскарыш керек деп эсептесе, башкалары облустар кыскарыш керектигин айтышат. Айылдарды бириктириш керек. Бүгүнкү күндө облустук структурага толук бойдон кулпу салып бекитип койсо, аны эч ким байкабай калат. Облусту кыскартып, бийлик райондор жана айыл аймактар менен түздөн түз иштегени оң. Ошондо гана жылыштар болот.

-Облустарда өкмөт өкүлдөрү, акимдер, көйгөйлөрдү чече албай жатат. Кандай жаңы механизмдерди киргизүү керек?

-Райондордо акимдердин ролун күчөтүү зарылдыгын айтып кетпедимби. Райондун акими райондогу бардык структураларды координациялайт. Мисалы,  РЭСтин директорун “Түндүкэлектр” же “Түштүкэлектр” ишканалары койбош керек, аны аким дайындаганы туура. Анткени жарык өчсө эл РЭСке барбайт, акимге келет. Акимге тиешелүү тармактын баарына аким чекит койгудай кылган шарт түзүү керек. Бирок ошол эле мезгилде, акимге аша чапкандык укуктарды бербеш керек. Мисалы, аким шаардын мэриясы менен айыл аймактын ишине кийлигишпеш керек. Бул мыйзамда так жазылып турат.

-Аймактарга мыкты кадрларды кантип тартыш керек?

-Айлык акысы жакшы болуп керек. Азыр алар 5 миң сом алышат. Мындай айлыкка натыйжалуу иш алып баруу мүмкүнбү? Жок. Жакшы айлык акы, мына, эл аралык уюмдарда төлөнөт. Эгер жакшы жергиликтүү чиновниктерге жакшы айлык төлөп берсе, кадр Бишкектен болсо да айылга иштегени барат.

-Рахмат.

 

Copyright © 2017 Maral FM