Биз менен байланышыңыз

Аймактар жемкорлукка каршы күрөшпөй жатат

Саясат | 27 Фев 2019 | 1468 | 0

Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү президент Сооронбай Жээнбековдун коррупция менен күрөшүү жана аймактарды өнүктүрүү демилгесин колдоого алат. Бирок айрым жергиликтүү кеңештин депутаттары аймактарды президенттин жемкорлук менен күрөшүү саясаяты колдоого алынбай жатканын айтышты.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 2019-жылды «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп жарыялаган. Мунун алкагында президент Кыргызстанда системалуу иш жүрбөй жатканын белгиледи. Бул үчүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн сынга алды. Ошону менен катар Жээнбеков акимдердин укугун кеңейтүү керек экендигин белгиледи.

«Кыргыз Республикасы: Аймактык өнүгүү боюнча улуттук диалог» аттуу конференциясына катышкан жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн президенттин сунуштары боюнча пикирлерин уктук.

Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы Фрунзе айылдык кеңешинин депутаты Нургуль Усенова жемкорлук менен күрөшүү аракетин жергиликтүү бийлик колдобой, тескерисинче коррупцияга белчесинен батып калгандыгын айтты.

-Коррупция менен күрөшүүнү жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү колдобойт деп 100 пайыз ишенимдүү түрдө айта аламын. Анткени аймактагы жерлердин баары трансформациялоого кетип жатпайбы. Коррупциянын булагы ушул жакта. Буга мага окшогон бир-экөө эле каршы чыгып, күчү жетпей калып кетет. Азыр президент жергиликтүү бийлик, депутаттар иштебей жатасыңар деп айтты. Жергиликтүү кеңешке мыйзамды окубаган, жада калса, жаза албагандар депутаттык мандатты сатып алып кызматка келүүдө. Ошондон улам аймактар өнүкпөй жатат.

Аймактардын көйгөйлөрүн талкууланган форум эки күнгө созулат. Президент ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн активдүү катышып, сунуштарды берүүсүн айтты.

Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районунун акими Айбек Кожошов инвесторлор менен түз иш алып барууга мүмкүнчүлүк түзүү сунушун берерин айтты.

-Тогуз-Торо — эң алыскы тоолуу район. Калкынын саны дагы аз. Президенттин аймактарды өнүктүрүүгө койгон тапшырмалары боюнча алгылыктуу иштеп жатабыз. Коррупцияга байланыштуу ишти жерине барып эл менен тыгыз байланышканда кээ бир көрүнүштөр түзмө-түз чыгат. Буйруса, жемкорлукка каршы алгылыктуу жумуштар болот деп ойлоймун.

Форумда аймактарды өнүктүрүүгө салым кошкон аким жана жергиликтүү кеңештин депутаттары президенттин энчилүү сааттары менен сыйланды. Алардын бири — Тогуз-Торо районундагы Атай айыл өкмөтүнүн башчысы Бакдөөлөт Бубукеев. Алган сыйлыгы региондорду өнүктүрүүгө шыктандырарын айтты.

-Бул сыйлыктын берилиши күтүүсүз болду. Мага 27-28-февралда президент менен жолугушууга чакырышкан. Алган сыйлыгым иштөөмө жакшы стимул болот. Алдыда аймагыбызды өнүктүрүүгө жакшы пландарыбыз бар.

Конференцияда Сооронбай Жээнбеков акимдердин укугун кеңейтүү керек экенин белгиледи. Буга чейин аким, айыл өкмөт башчыларын жергиликтүү калк өзү шайлоосу керек деген сунуштар айтылып келген.

Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы Зулпуев айыл өкмөт башчысы Советбек Мурзакулов кадр маселесин борбордук бийлик гана кароосун колдойт.

-Кадр маселесин бийлик өзү кароосу керек. Элге берсе уруу-уруу болуп бөлүнүп, чабышып кетет. Андан көрө буйруктун негизинде тажрыйбалуу адисттерди дайындалсын.

Кошумчалай кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков жакында коррупцияга байланышкан көп фактылардын бети ачыла турганын кабарлады.

Copyright © 2017 Maral FM