Биз менен байланышыңыз

Азия кубогу: БАЭ менен Бахрейн тең чыкты

Кыска кабар | 6 Янв 2019 | 673 | 0

Бириккен Араб Эмиратында өтүп жаткан футбол боюнча Азия кубогунда БАЭ курама командасы менен Бахрейн курама командасы тең ойноду. Континенталдык чемпионат 5-январда башталды. “А” тайпасында талаа ээлери катары БАЭ Бахрейн менен ойноп 1:1 эсебинде тең упай топтоду. БАЭда голду 88-мүнөттө Ахмед Халил киргизсе, Бахрейндден болсо 78-мүнөттө Мохамед Ал Рохаими киргизген.

Ал эми бүгүн, 6-январда үч ою каралган. Австралия-Иордания, Таиланд-Индия, Сирия-Палестина. Кыргызстандын курама командасы 7-январда ойнойт.

Copyright © 2017 Maral FM