Биз менен байланышыңыз

Орусия украиналык товарларды Кыргызстанга өткөрбөө убактысын узартты

Кыска кабар | 5 Янв 2019 | 811 | 0

Орусия украиналык товарларды Кыргызстанга жана Казакстанга өткөрбөө убактысын узартты. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, президент Владимир Путин Орусияны транзит катары колдонуп, эки өлкөгө жүк алып өтүүгө салынган тыюуну ушул жылдын 1-июлуна чейин узартуу жарлыгын чыгарды. Мындай негизде киргизилген чектөөгө 3 жылдын жүзү болду.

Автоунаа жана темир жол аркылуу кирген товарларга 2016-жылдын 1-январында тыюу салынган. Кийин ошол эле жылдын 1-июлунда Кыргызстан менен Казакстанга жүк ташып өтүүсүнө да уруксат берилбей турган болгон.

 

Украина өкмөтү буга каршы каршы Эларалык соода уюмуна даттанган. Киев мындай чектөөдөн кийин товар алмашуу солгундап, 1 миллиард доллар жоготуу болгонун белгилеген.

 

Copyright © 2017 Maral FM