Биз менен байланышыңыз

Унаа ээлерин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө мыйзам ишке кирет

Кыска кабар | 5 Янв 2019 | 1072 | 0

7-февралдан тарта «Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» мыйзам күчүнө кирет. Бул тууралуу Финансылык чалгындоо кызматынан маалымдашты.

Анда өлкө аймагында автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу тутумун киргизүү каралган.

Долбоорунун максаты–автотранспорт каражаттарын пайдаланууда болгон кырсыктын натыйжасында келтирилген зыяндын ордун толтурууга жабырлануучунун жана компаниянын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо коргоо болуп саналат.

Жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандырууну киргизүү аркылуу жол кыймылынын бардык катышуучулары кырсыктын натыйжасында келтирилген зыяндын ордун толтуруу кепилдиги менен камсыздалышат. Жарандар мүлктү калыбына келтирүү жана дарыланууга кеткен күтүлбөгөн чыгымдардан корголот жана бузулган мүлк үчүн өз убагында жана адилеттүү компенсация ала алышат.

Камсыздандырылуучуга компенсация төлөнбөй калбашы үчүн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн кепилдик фонду түзүлүүдө. Бул фонд камсыздандырылуучуга ал келишим түзгөн камсыздандыруучу банкрот деп таанылган учурда камсыздандыруу төлөмдөрүн алууну шарттайт.

Ошол эле учурда Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы 7-февралынан тарта полистин жоктугу үчүн унаалары башка өлкөдө катталган айдоочуларга дагы айып салууну сунуштап жатат.

Өлкө аймагында катталган айдоочулар үчүн 2019-жылдын 7-августуна чейин полистен өтүү үчүн мөөнөт берилет.

Эскерте кетсек, аталган мыйзам долбоору  2015-жылы 24-июлда кабыл алынган 2016-жылдын 7-февралында күчүнө кирмек.

2016-жылдын 2-августунда Жогорку Кеңештин депутаттары аны 2019-жылдын 7-февралында ишке киргизүүнү чечишкен.

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM