Биз менен байланышыңыз

«Жолдогу паракорлорго каршы күрөшүү үчүн рейд жүргүзүү зарыл»

Кыска кабар | 5 Янв 2019 | 634 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жолдордо паракорлорду аныктоо жана аларды катуу жазалоо боюнча туруктуу рейддерди жүргүзүүнү тапшырды. Өкмөттөн кабарлашкандай, мындай милдет Ички иштер министрлиги менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке артылды.

Өкмөт башчы өзгөчө белгилегендей, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери учурда өлкө жолдорунда коопсуздукту камсыздоо жана тартип орнотууга күч-аракеттерин жумшоого тийиш.

«Айрым милиция кызматкерлери өздөрүнүн мыйзамсыз аракеттери менен жарандардын нааразычылыктарын жана сын-пикирлерин жаратууда. Бул Ички иштер министрлиги өз ишин жакшыртуу жана коррупциялык тобокелдиктердин тамырын кыркуу боюнча таасирдүү чараларды көрүүгө тийиш экенин айтып турат. ИИМ жолдордо тартипке келтирүү сыяктуу кеңири жана абдан зарыл иштерди акча табуу ыкмасы катары караган кызматкерлерден арылуусу керек», — деди Абылгазиев.

Ошондой эле кыска мөөнөттө жол коопсуздук кызматкерлеринин арасында коррупция фактыларынын алдын алуу жана аныктоо боюнча чаралардын топтомун иштеп чыгуу зарыл экенин белгиледи. Анын айтымында, бир катар ички антикоррупциялык иш-чараларды өткөрүп, УКМК менен жолдордо паракорлорго каршы күрөшүү максатында атайын рейддерди жүргүзүү зарыл.

Абылгазиев өлкөдө автоунаалардын санынын өсүү тенденциясын эске алуу менен жол кыймылын башкаруу механизмдерин жакшыртуу боюнча активдүү иштерди жүргүзүүнү тапшырды.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM