Биз менен байланышыңыз

Турускулов: «Коопсуз шаар эми ишке ашпаса, жоопкерчилик катуу каралат»

Күн чекит | 12 Ноя 2018 | 920 | 0

Жылдар бою ишке ашпай келе жаткан «Коопсуз шаар» акыры иштей турган болду. Аны жүзөгө ашыруу милдетин орусиялык «Вега» компаниясы алды. Эки тараптуу келишимге бүгүн, 12-ноябрда кол коюлду.  Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети менен «Вега» концерни  ортосундагы келишимге ылайык, компания 5 жыл ичинде негизги көчөлөргө видео камераларды орнотуп бүтүшү керек. Анын биринчи этабы 90-180 күндүн ичинде ишке кирүүсү шарт. Мына ушул теманын алкагында Жогорку Кеңештин депутаты, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети мүчөсү  Жыргалбек Турускулов менен маектештик.

-Сиз баш болуп, бир катар депутаттар чет элдик компаниялар бул долбоорду ишке ашыра албай турганын айтып келишти эле. Мына эми акыры келишим түзүлдү. Эми кандай пикирдесиз? Өкмөт тандаган бул компания долбоорду ишке ашырышына ишенсек болобу?

-Бүгүн мамлекет үчүн кубанычтуу кабар болуп жатат. Төрт жылдан бери ишке ашпай келген “Коопсуз шаар” акыры ишке киргени жатат. Өкмөт орусиялык компания менен келишим түзүп, алар 3 млн долларга жакын каражатты кепилдик катары котргону да маалым болду. Бул каражатты которуп жаткан соң ишке ашат деп ойлойм. Буга чейин Huawei компаниясын ишке ашыра албайт деп айтканым анык. Ал өз ишин көрсөттү. Акыркы 10 жылда статистикалык маалыматтар боюнча, 11 553 адам каза болгон. Анын ичинен 958 жаш бала. Бул деген биз төрт жылда 4 миң адамды жоготконубузду көрсөтүп турат. Эми тендер аркылуу уткан ишкана менен өкмөт тыыз иш алып барып, муну сапаттуу ишке ашырышы керек.

-«Вега» компаниясы менен таанышып, ал тууралуу кенен маалымат ала алдыңызбы? Каражатынан башка эмнеге таянып ишке ашыра аларына ишенип турасыз?

-Буга чейин бир канча жолу тендерлер өтүп, аны уткан ишканалар менен соттошуулар болуп келди. Мунун баарын көрүп, билип турган азыркы өкмөт мурунку өкмөттүн каталарын кайталабайт деген ишеничтемин. Жеке өзүм компанияны иликтеп чыккан жокмун. Өкмөттүн тандоосуна ишенип, колдоо көрсөтүп жатам. Себеби бул долбоордун айынан эмне болуп келе жатканын көрүп турабыз. Азыркы өкмөт андай каталарга барбай, жакшы тандоо жасады деген үмүт бар.

-Бул ирээт да бармагыбызды тиштеп отуруп калбаш үчүн жоопкерчилик жагына олуттуу караш керекпи? Өкмөт менен аталган компаниянын бул долбоорду ишке ашыруусун парламент көзөмөлгө алып турабы?

-Сөзсүз түрдө көзөмөлгө алынат. Жогорку Кеңештин функцияларынын бири өкмөттүн ишин көзөмөлгө алуу болгондуктан, бул долбоордун ишке ашуудагы бардык абал көзөмөлгө эле алынбастан, аны аягына чыгарууга да көмөктөшөбүз. Эгерде дагы баягы таз кейипин кийишсе, жоопкерчиликти да катуу караганга басым жасайбыз. Тендер өткөргөндөрдөн баштап, келишим түзгөн, ага уруксат бергендердин баары жоопкерчиликке тартылат. Болду эми, жетет да.

-Долбоорду ишке ашырууда эмнени эске алыш керек? Сиздин сунушуңуз.

Маалыматтык коопсуздук жана тактык. Айдоочулар менен чыр-чатак жаралып, камераларды көтөрүп алып соттошо бербей, ар бир сызык, видеонун сапаты сыяктуу майда ишти да мыйзамга ылайык так жана сапаттуу аткарышы керек.

-Маегиңизге рахмат.

Copyright © 2017 Maral FM