КРнын Өкмөтүнүн алдындагы каржы базарын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматы автоунаа ээлерин жана айдоочуларды камсыздандыруу (ОСАГО) боюнча токтомдун долбоорун коомдук талкууга койду. Анда камсыдандыруунун төлөмү, минималдык чыгаша көлөмү белгиленген. Эгер Жогорку Кеңеш жактырса, аталган токтом 2019-жылдын 7-февралынан тарта күчүнө кирет. Камсыздандыруунун чоо-жайын Каржы базарын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын аткаруучу кеңешинин мүчөсү Нурлан Байбосунов менен «Күн чекит» программасында талкуулаганбыз.
Марал: Нурлан мырза, автоунаалардын ээлерин камсыздандыруунун мааниси жана артыкчылыктары тууралуу айта кетсеңиз.
Нурлан Байбосунов: Чынында ОСАГОнун эмне экенин карапайым жарандар эле эмес, көпчүлүк саясатчылар деле толук түшүнө элек. Бул автоунаанын ээсин камсыздандыруу менен жалпы жарандардын коопсуздугун сактоо болуп саналат. Айдоочу өзүнүн жоопкерчилигин камсыздандырат. Жол кырсыгы каттала турган болсо автоунаанын айдоочусу үчүнчү тараптын жаракатынын, автоунаасынын чыгымдарын же каза болгондордун жакындарына акчалай төлөп берет эмеспи? Эми муну камсыздандыруу компаниясы төлөп берет. Унаа айдабагандар өздөрүнө тиешелүү эмес деп ойлошот, бирок бул механизм дал ошолордун коопсуздугун камсыздайт. Себеби автокырсыктардан көбүрөөк жөө жүргүнчүлөр жабыркайт. Мурда окуя болгондон кийин 1-2 жылдап акчасын ала албай жүрсө эми камсыздандыруу полиси аркылуу бат эле бүтүрө алышат.
Марал: Чыгымдардын көлөмү кандай эсептелет?
Нурлан Байбосунов: Чыгымдар кырсыктын абалына, автоунаанын түрүнө, алган жаракаттын деңгээлине жана жарадарлардын санына жараша аныкталат. Жаракат алып бейтапканага түшкөн жаран кетирген чыгымдарын кагаз турүндө тактап алып келет, аны компания жабат. Ал эми каза болгон жарандардын жакындарына 300 миң сомго чейин төлөнүп берилет. Бирок кырсыкта жабыркаган өзүнүн унаасынын чыгымдарын айдоочу өзү көтөрөт.
Марал: Камсыздандыруу ишин ким алып барат? Мамлекетпи же жеке тараптарбы?
Нурлан Байбосунов: Жеке менчик компаниялар жана мамлекеттик камсыздандыруу мекемеси алып барат. Учурда Кыргызстанда 16 камсыздандыруу компаниясы бар. Бул мыйзам кабыл алынып, күчүнө киргенден тарта алар мыйзамдуу түрдө бизге арыз жазып, лицензия алышат. Азырынча төртөө ОСАГО менен иштейбиз деп макул кат берди. Башка ойлонуп жаткандар да бар. Биздин байкашыбызча он чакты компания бул ишти аткарат.
Марал: Бул жерде мамлекеттин ролу кандай болот?
Нурлан Байбосунов: Өкмөттүн токтому менен бардык тарифтер бекитилет. Ошондой эле иштин жүрүшүн Мамлекеттик каржы базарын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы көзөмөлгө алат. Мындан сырткары камсыздандыруу комиссарлары дайындалып, алар автокырсыктар катталганда ишти сотко чейин жеткирбей, тараптардын ишин тактап, чыгымдарын жаап берет.
Марал: Камсыздандыруу комиссарларын ким дайындайт? Алар мамлекеттик кызматкерлерби?
Нурлан Байбосунов: Жок, алар мамлекеттик кызматкер болбойт. Учурда талкууланып жаткан долбоордун алкагында түзулгөн «кыймылдаткыч бюро» коомдук бирикмеси дайындайт. Ал камсыздандыруу полистери кандай сатылып жатат, туура жүрүп жатабы деген сыяктуу бардык маселелерди комиссарлар аркылуу көзөмөлдөп турат.
Марал: Ошондо айдоочулар өзүн камсыздандыруу үчүн жылына канча төлөшү керек?
Нурлан Байбосунов: Жылдык төлөмдөр айдоочунун кирешесине, алган айлыгына, автоунаасынын түрүнө жараша болот. Жылына бир жолу камсыздандыруу полисин алышат. Орточо тариф 2000-3000 сом арасы. Бирок кырсык катталган учурда ошол полиси менен камсыздандыруу компаниясынан жарым миллион сомго чейин сумманы ала алат. Өз чөнтөгүнөн каражат чыгарбайт.