Биз менен байланышыңыз

Президент бийлик бутактарынын башчылары менен жолукту

Кыска кабар | 31 Дек 2018 | 613 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн 3 бийлик бутагынын башчылары менен жолукту. Бул тууралуу президенттик аппараттан маалымдашты.

Президент Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева жана премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен болгон жолугушууда 2018-жылдын натыйжалуу болгонун белгиледи.

«2018-жылы пландар коюлуп, өлкөнүн бардык жашоо тармагында реформаларды жасоого негиз түзүлдү. Алдыбызда бул пландарды ишке ашыруу, мамлекетти өнүктүрүү, жарандардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча чоң милдеттер турат»,—деди Сооронбай Жээнбеков.

Кошумчалай кетсек, президент мыйзам чыгаруучу, аткаруу жана сот бийлиги эриш-аркак иш алып барып жатканын да айтты.

Copyright © 2017 Maral FM