Биз менен байланышыңыз

30-декабрга карата аба ырайы

Кыска кабар | 29 Дек 2018 | 558 | 0

30-декабрга карата өлкөнүн айрым облустарынын тоолуу аймактарына кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу “Кыргызгидромет” борбору кабарлады.

Маалыматка ылайык Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарынын тоолуу аймактарында кар жаап, жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -0…+5, күндүз +1…6,

Талас жергесинде түнкүсүн -2…+3, күндүз +1…6,

Баткен облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +4…9,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +4…9,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3…8, күндүз +1…6,

Нарын облусунда түнкүсүн -19…-24, күндүз -8…-13 градус болот.

30 декабрда Бишкек шаарында күндүз кар жаашы мүмкүн. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 0…2, күндүзгү жогорку температурасы +2…4 градус жылуу болот.

Copyright © 2017 Maral FM