Биз менен байланышыңыз

Жаңы жылда бир катар көчөлөр жабылат

Кыска кабар | 29 Дек 2018 | 451 | 0

31-декабрга карата Бишкекте бир катар борбордук көчөлөр жабылат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы маалымдады.

Маалыматка ылайык, 31-декабрдын таңкы 8:00ден тарта бир күн бою Чүй проспектисинин Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.

Ал эми саат 17:00тен тарта Абдымомунов көчөсүнүн Раззаков көчөсүнөн Орозбеков көчөсүнө чейинки аралыгы жабылары маалым болду.

Ошол эле учурда Киев көчөсүнүн Эркиндиктен Панфилов көчөсүнө чейинки аралыгы жабылып, бир гана автобус жана троллейбустар үчүн ачык болот.

Буга байланыштуу, башкармалык шаар тургундары менен меймандарын жүрө турган жолун караштырып алуусун эскертет.

Кошумчаласак, жаңы жылдык иш чара өтүүчү Ала-Тоо аянтын 2 миңден ашуун коопсуздук кызматкери кайтарат.

 

Copyright © 2017 Maral FM