Биз менен байланышыңыз

Бир баланын жөлөк пулу 875 сомду түздү

Кыска кабар | 29 Дек 2018 | 558 | 0

Аз камсыз болгон үй-бүлөөлөрдүн балдарына берилчү жөлөк пулдун наркы 875 сомду түздү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров маалымат жыйында билдирген.

Улуттук статистика комитетинин бирдиргенине ылайык, акыркы тогуз айдагы өлкөдөгү жашоо минимуму 4655 сомго барабар болгон. Ал эми жаш баланын жашоо минимуму 3955 сомду түзгөн.

Жөлөк пулдун көлөмү жашоо минимумунан 4.7 эсе аз экени аныкталды.

Бирок адистер министрлик белгилеген минимум аз экенин, чыныда бир адамдын айлык жашоо минимуму 5 сомдон ашарын белгилешет.

Эске салсак, өкмөт Кыргызстан боюнча жөлөк пул алгандардын саны акыркы жылдарда көбөйгөнүн кулак кагыш кылууда.

Copyright © 2017 Maral FM