Биз менен байланышыңыз

Прокуратура Музаффар Исаковду 12 жылга кесүүнү сурады

Кыска кабар | 27 Дек 2018 | 625 | 0

Башкы Прокуратура Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Музаффар Исаковду 12 жылга эркинен ажыратууну соттон сурады. Бул тууралуу маалыматты аталган органдын маалымат кызматы “Маралга” ырастады.

Ага ылайык, прокуратура мурдагы депутаттын мүлкүн мамлекетке чегерүү өтүнүчүн да келтирген.

Белгилей кетсек, кечээ, 26-декабрда Сузак райондук соту Музаффар Исаковдун ишин кароону уланткан. Азырынча соттун чечими чыга элек.

Эске сала кетсек, Музаффар Исаковго 2017-жылы февраль айында «Коррупция» беренеси боюнча айып тагылган. Ал 2010-2015-жылдар аралыгында райондук архитектура жана мамкаттоо кызматкерлери менен сүйлөшүп 14,34 гектар айыл чарба багытындагы жерди жеке курулуш иштерин жүргүзүүгө берген деп шектелүүдө.

Борбордук шайлоо комиссиясы 26-декабрда анын депутаттык мандатын алган.

Copyright © 2017 Maral FM