Биз менен байланышыңыз

Сауд Аравия Кыргызстандын медицина тармагына грант бөлөт

Кыска кабар | 27 Дек 2018 | 1124 | 0

Сауд Аравия падышалыгы Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагына 3 миллион 797 миң долларлык грант бөлөт.

Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Анда эки өлкө ортосундагы «Медициналык борборлор үчүн жабдууларды берүү жана карантиндик зона түзүү» долбоору ратификацияланып, 3-апрелде Тунисте кол коюлган документти Жогорку Кеңеш 22-ноябрда кабыл алган.

Аталган гранттык каражат төмөнкү долбоорлорго жумшалат:

-«Кара-Кулжа жана Түп райондорундагы медииналык борборлорду жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Фтизиатрия борборунун кургак учук бөлүмүн жабдуу» үчүн 1 миллион 245миң доллар;

-«Кыргызстандан Сауд Аравиясына этти экспорттоо үчүн Чүйдө карантиндик зона куруу» долбооруна 960 миң доллар;

-«Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим изилдөө институтун заманбап медициналык жабдыктар менен камсыздоо» үчүн 1 миллион 440 миң доллар жумшалат.

Мындан тышкары, гранттык макулдашуунун алкагында жогоруда аталган долбоорлорду натыйжалуу ишке ашыруу үчүн 151,8 миң доллар консультациялык жардам көрсөтүлөт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Copyright © 2017 Maral FM