Биз менен байланышыңыз

Бир жылда 103 миң балага сүйүнчү пул берилди

Кыска кабар | 27 Дек 2018 | 782 | 0
Кыргызстанда 2018-жылдан тарта бериле баштаган сүйүнчү пулду бир жылда 103 550 ата-эне алган. Мындай маалыматты Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров билдирди.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген маалыматы боюнча төрөлгөн балдардын саны алдаганча көп, бирок бардык эле ата-эне сүйүнчү пул алууга арыз жазган эмес. Кочкоровдун айтымында алууну каалагандар бала төрөлгөндөн алты ай өткөнгө чейин алышса болот. Ал үчүн ата-эне паспортун жана банктык эсебинин реквизиттерин бериши керек.
«Сүйүнчү пулду алуу тууралуу арызды алгач Мамлекеттик нике каттоо бөлүмүнө (ЗАГС), калкты тейлөө борбору (ЦОН) же Мамлекеттик каттоо кызматынын түйүндөрүнө тапшырышат. Жети күндүн ичинде ал каралып, министрликке өткөрүлөт. Андан соң министрлик эсепке каражатты бөлөт»,-деди Улукбек Кочкоров.
Мындан сырткары, учурда сүйүнчү пулду алууга баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктү кошо тапшыруу боюнча пилоттук долбоор иштеп жаткандыгын кошумчалады. Мындай эреже 2019-жылдын 1-мартынан тарта республика боюнча ишке кирмекчи.

Copyright © 2017 Maral FM