Биз менен байланышыңыз

Шаардык кеңештин депутаты мандатынан ажырады

Кыска кабар | 27 Дек 2018 | 511 | 0

19-декабрда борбордогу Аймактык шайлоо комиссиясынын (АШК) чечими менен Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Коргонбай уулу Жусупбектин ыйгарым укуктарын чектөө чечими чыккан болчу.

21-декабрда болсо Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) аталган депутаттан арыз келип түшкөн. Анда ал АШКнын чечимине нааразы болуп, аны жокко чыгарууну өтүнгөн. Бул тууралуу БШК маалымат кызматы билдирди.

Кечээ, 26-декабрда БШКнын отурумунда бул маселе каралып, арызды канааттандыруудан баш тартышты. Анда АШКнын чечими мыйзамдуу жана негиздүү деп табылып, Коргонбай уулу Жусупбек депутаттык мандатынан ажыратылды.

Эске салсак, «Республика-Ата Журт» партиясынан шайланып барган шаардык кеңештин депутатынын Орусия жарандыгы бар экени маалым болуп, аны мандаттан ажыратуу талабы коюлган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM