Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев Бишкек жылуулук борборунун иши менен таанышты

Кыска кабар | 26 Дек 2018 | 852 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек жылуулук борборунун иши менен таанышты. Анда жылыта турган жана электр кубатын иштеп чыга турган техникалык жабдуулардын иштешин көрүп чыкты.

Бишкек шаардык ЖЭБ директору Андрей Воропаев маалымдагандай, ишкананы модернизациялоо негизинен иштелип чыккан электр энергиясынын көлөмүн көбөйтүүгө багытталган.

Анын айтымында, жаңы цехтин долбоордук кубаттуулугу – саатына 144 куб метр сууну айлантат. Учурда 28 насос иштеп жатат, 4 интегралдык суу тазалагыч орнотулган жана үч ультра чыпкалоочу I-II даражадагы система орнотулган. Жаңы химиялык суу тазалагыч экологиялык ченемдерге жооп берет, жабдуулар автоматтык режимде иштейт, бул Бишкек шаардык ЖЭБдин жабдууларды колдонуусун жеңилдетет.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев энергетиктер шаардын электр борборунун үзгүлтүксүз ишин жана жылуулатуу мезгили аяктаганга чейин туруктуу камсыздоолору зарылдыгын эскертти.Ошондой эле борбор шаардын ЖЭБ жана өлкөнүн башка энергетикалык объектилерин  пайдалануунун натыйжалуулугун арттыруу үчүн конкреттүү механизмдерди  иштеп чыгууга тийиш экенин айтты.

Мухаммедкалый Абылгазиев ошондой эле коррупция менен күрөш маселелерине  токтолуп, Өкмөт тарабынан энергетика тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча ырааттуу жана активдүү иштерди жүргүзө турганын баса белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM