Биз менен байланышыңыз

Сариев: Кыргызстанда эконмикалык өнүгүү — эң көйгөйлүү маселе

Пикирлер | 26 Дек 2018 | 513 | 0

Мурунку премьер-министр Темир Сариев “Марал” радиосуна берген маегинде 2018-жыл туруктуу жылдардан болгонун билдирди.

Көбүрөөк экономикалык маселелерге тынчсызданарын айткан Сариевдин пикиринде, экономикалык өнүгүү — эң көйгөйлүү маселелердин бири. Өлкөнүн экономикасы мобилдүү жана ийкемдүү. Аны өнүктүрүү үчүн тигүү тармагында жумуш орундарын түзүп, интенсивдүү бакчаларды өздөштүрүү зарыл.

«Экономиканын 7 пайызга жакыны “Кумтөр» ишканасынан көз каранды. Бир нече кендерди иштетип калсак, «Кумтөргө» болгон көз карандылыктан чыгып кетебиз. Тоо тармагы көлөмдүү инвестиция алып келе алат. Элди жумуш орундары менен камсыз кылуу үчүн тейлөө тармагы бар. Туризмди өнүктүрсөк, жумушчу орундар түзүлөт. Мындан сырткары тигүү багытында дагы 300 миңге чейин адам иштейт. Жумуш орду менен камсыз кылууда бул багыттын дагы потенциялы чоң. Тамчылатып сугаруу жолу менен жемиштерди, мал чарбасында асыл тукумду көбөйтүшүбүз керек», — дейт Сариев.

Ал буга кошумча, билим берүү тармагында да экспорттук тейлөө көрсөтүү зарыл экенин, Кыргызстандын жылына 50 миңге жакын студентти окутууга мүмкүнчүлүгү жетерин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM