Биз менен байланышыңыз

Шыкмаматов: Атамбаев жан дүйнөнүн түрмөсүндө отурат

Пикирлер | 26 Дек 2018 | 1464 | 0

Саясий куугунтуктун айынан камалган саясатчылар эркиндикке чыкса экс-президент Алмазбек Атамбаевдин «ашмалтайынын» бири ирээтке келет. Ал эми саясатта эч нерсе өзгөрбөйт. Болгону «адилеттүүлүк орноду» деген сөз болот. Бул эркин коом, күчтүү мамлекет үчүн аба менен суудай керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Атамбаевдин убагында саясий куугунтук болуп, камалгандардын баары реабилитация болушу керек.

«14 адам толук акталып чыкмайынча, парламентте ишин уланта албайт. Президенттин кандай реакция кылары белгисиз, бирок биз саясий куугунтук менен камалгандарга ырайым кылат деп ишенебиз. Ырайым берүү боюнча жарлык чыкса, саясий куугунтук менен камалгандардын баарына чыгат, болбосо эч кимге чыкпайт. 14 кишинин күнөөлүү  эместиги далилденсе, анда аларды соттогон судьяларды жоопко тартуу зарыл», — дейт Шыкмаматов.

Ал буга кошумча, Атамбаевге саясатчы колдонуунун кереги жок экенин, ал жан дүйнөнүн түрмөсүндө отурганын белгиледи.

Эске салсак, экс-президент Роза Отунбаева мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековго кайрылып, Өмүрбек Текебаевге ырайым берүүнү өтүнгөн. Мындан сырткары Отунбаева парламенттеги фракция лидерлерин да бул демилгеге кошулууга чакырган. Фракциянын лидерлери Отунбаеванын президент президентке жазган кайрылуусун колдошкон.

Copyright © 2017 Maral FM