Биз менен байланышыңыз

Чолпонбаев: Саясий куугунтук менен камалгандар быйыл эркиндикке чыкпайт

Пикирлер | 26 Дек 2018 | 948 | 0

Саясий куугунтук менен камалган саясатчылардын эркиндикке чыгышы менен экономика же саясат өнүгүп кетпейт. Бир гана алардын укугу корголот, адилеттүүлүк болот. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи Мукар Чолпонбаев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Чолпонбаев быйылкы жылы саясий куугунтук менен камалгандардын баары эркиндикке чыгып кетерине ишенбейт.

«Абактагы 14 адамга ырайым берилсе, анда алардын ишин караган соттордо күнөө жок деп табылат. Эгер күнөлүүлөр башка интсанцияда акталып чыкса, анда соттук жаңылыштык болот же судьялардын иши каралат. Ырайым берүүдө кылмышка маани берүү зарыл. Соттун чечимине күмөн коюуга укугубуз жок. Мен юрист катары сотторго ишенүүгө милдеттүүмүн. Алсак, мамлекетке зыян келтиргендерди жөн жерден актап жиберүү туура эмес. Садыр Жапаров, Бектур Асанов жана башкалардан мамлектке зыян келген жок да. Аларды мамлектеттик бийликти басып алууга аракет кылган деген айып менен камашкан», — дейт Чолпонбаев.

Анын айтымында, соттолгондорго ырайым берүү боюнча атайын комиссия иштейт. Президент алардын корутундусу менен таанышат да ырайым берүү боюнча укугун пайдаланат.

Эске салсак, экс-президент Роза Отунбаева мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековго кайрылып, Өмүрбек Текебаевге ырайым берүүнү өтүнгөн. Мындан сырткары Отунбаева парламенттеги фракция лидерлерин да бул демилгеге кошулууга чакырган. Фракциянын лидерлери Отунбаеванын президентке жазган кайрылуусун колдошкон.

Copyright © 2017 Maral FM