Биз менен байланышыңыз

Шыкмаматов: Президент Садыр Жапаровго да ырайым кылышы керек

Пикирлер | 26 Дек 2018 | 1657 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов “Марал” радиосуна берген маегинде саясий куугунтук менен камалган 14 кишинин баарына ырайым болушу керек деген пикирин билдирди.

Анын айтымында, экс-президент Алмазбек Атамбаев Өмүрбек Текебаевди айланасындагы адамдардын коррупциялык иштерин айтканы үчүн каматып койгон. Ак жеринен камалгандардын баары түрмөдөн чыгышы керек.

«Роза Отунбаева тергөө туура эмес жүргөн, сот нормаларды бузган деп кайрылуу жасады. Биз да коомдун маанайын байкап турабыз. Конституциянын 10-беренесинде президенттин ырайым жасай алары жазылган. Ал эми жобо Конституциянын «чөбөрөсү». Ырайымды кылмыш кылган киши сурайт. Анда кылмыш кылбагандар эмне кылышы керек? Ө.Текебаев, С.Жапаровдор кылмыш кылган эмес. Мындайды Конституциянын 10-беренеси кылмыш кылбагандар үчүн колдонулбай калабы? Текебаев кылмышкер болбосо эмнеге ырайым сурайт?» — дейт Шыкмаматов.

Ал Роза Отунбаеванын Текебаевга ырайым берүүсүн өтүнгөн кайрылуусунда президенттин ырайым бериши боюнча баары ийне-жибине чейин так жазылганын айтат. Ал эми 3-4 юрист саясий көз караштарынан улам Текебаевге каршы чыгып, аны абакта калтырууну туура көрүп, жазып чыгышканын белгилейт.

«Отунбаева кайрылуусунда президенттин ырайымга барышы керектигин майдалап жазган. Конституция кыргыз элинин баарына иштейт. Сапар Исаков дагы күнөөсү аныкталса, ырайым сураса болот. Эгер бир гана Текебаев эркиндикке чыгып калса, коомдо нааразычылык пайда болот. Андыктан 14 кишинин баарына ырайым берилиши керек», — дейт депутат.

Эске салсак, экс-президент Роза Отунбаева мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековго кайрылып, Өмүрбек Текебаевге ырайым берүүнү өтүнгөн. Мындан сырткары Отунбаева парламенттеги фракция лидерлерин да бул демилгеге кошулууга чакырган. 6 фракциянын лидерлери тең Отунбаеванын президентке жазган кайрылуусун колдошкон.

Copyright © 2017 Maral FM