Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан дагы он өлкө менен визасыз катташат

Кыска кабар | 25 Дек 2018 | 981 | 0

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети «Айрым өлкөлөрдүн жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүү тууралуу» мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Бул долбоор ЖК депутаты Дастан Бекешов тарабынан Кыргызстандын бир катар чет өлкөлөр менен 60 күнгө чейин визасыз катташуу келишиминин мөөнөтүн узартуу максатында демилгеленген болчу.

Демилгечинин айтымында, айрым өлкөлөр менен 60 күнгө чейин визасыз катташуу мөөнөтү 2020-жылдын 31-декабрында аяктайт. Ошондон улам аларды азыртан узартуу зарыл. «Атайын кызматтар терроризм жана экстремизм коркунучтары сындуу коркунучтарды мисал тартып, коопсуздук маселесин байма-бай эске салып келет. Бирок биз мыйзамдарды либералдаштыруудан коркпошубуз керек. Мындай келишимдер өлкөнүн экономикасын, анын ичинде туризм тармагын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт», — деди ал.

Белгилей кетсек, бул маселе тармактык комитетте биринчи окууда каралган. Анда Өкмөт мурда келишим түзүлгөн 45 өлкөнүн тизмесине дагы 10 мамлекетти кошуу, 60 күнгө чейин визасыз катташуу мөөнөтүн 2030-жылга чейин узартуу сунушун берген. Алар: Болгария, Кипр, Румыния, Черногория, Андорра, Бразилия, Сан-Марино, Чили, Аргентина, Оман. Демилгечи мындай сунушка макул болгон.

Copyright © 2017 Maral FM