Биз менен байланышыңыз

Бажы кызматы мыйзамсыз товарларды кармады

Кыска кабар | 25 Дек 2018 | 623 | 0

Бажы кызматкерлери тарабынан кургатылган жемиштерди мыйзамсыз ташып кирүүгө аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын маалымат кызматы билдирди .

ЕАЭБнын бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүүнү табууга жана бөгөт коюуга багытталган иш-чараларды жүргүзүүдө, Ош областынын Ноокат районунун Он эки – Бел айылында Түштүк-Батыш бажысынын кызматкерлери тарабынан А.Т. аттуу айдоочусунун башкаруусунда чиркегичи менен «MAN TGA 26.430» унаасы кармалган.

Аталган транспорт каражаттарын текшерүүдө, бажы контролунан тышкары ЕАЭБнын бажы аймагына ташып келинген, Таджикистанда өндүрүлгөн кургатылган жемиштер кармалган. Эксперттин корутундусуна ылайык товардын наркы 943 420 сомду түздү.

Чогултулган материалдар тергөөгө караштуулугун аныктоо жана Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык чечимди кабыл алуу үчүн Ош областынын прокуратурасына жөнөтүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM